Биз менен байланышыңыз

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине иш козголду

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 379 | 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Жогорку окуу жай Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айыпталып жатат.

ИИМдин берген маалыматына караганда, университет Өкмөттүн «Мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди даярдоо үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө» токтомун одоно бузушкан.

Токтомго ылайык, ЖОЖдорду гранттык (бюджеттик) негизде аяктаган бүтүрүүчүлөр өз адистиги менен эки-үч жылдан кем эмес убакытта мамлекеттик мекемелерде иштеп бериши керек. Бул айрыкча, медициналык, педагогикалык адистикти бүтүргөндөргө көбүрөөк тиешелүү болуп саналат. Эгерде бүтүрүүчү окуу жай жиберген мекемеде өз адистиги менен иштөөдөн баш тартса, анда аны даярдоого кеткен чыгымды ошол окуу жайга төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бул талап одоно бузулуп, аймактарга бөлүштүрүлгөн бүтүрүүчүлөрдүн эмгек процесси көзөмөлдөнгөн эмес. Натыйжада бүтүрүүчүлөр окуу жай жөнөткөн жактарга барбай, башка мекемелерде, башка кесипте иштеп келишкен. Мындай фактылар Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым билим берүү мекемелеринде катталган.

Бүтүрүүчүлөр ошол эле учурда окуу жай жөнөткөн мекеме менен тымызын келишим түзүп, эмгек китепчелерин жасатып коюшкан да, анын негизинде дипломдорун алышкан. Алардын мындай кыянаттыгынан мамлекет бир жылда 2 млн 71 миң сомдон ашуун зыян тарткан.

Учурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы башка жогорку окуу жайларга да текшерүү жүргүзүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM