Биз менен байланышыңыз

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 484 | 0

Neuralink компаниясы адамдын мээсине чип орнотту. Бул маалыматты компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.

Операция 28-январда жасалган. Илон Масктын айтымында, мээсине чип орнотулган адам өзүн жакшы сезип жүрөт.

«Телепатия» аттуу бул имплант салынган адам телефонундагы, компьютериндеги оюндарды кыялы менен деле башкарып коё аларын айтат Илон Маск.

Аппарат чиптен жана кулакка бекитилүүчү капсуладан турат. Масктын билдирүүсүнө караганда, ал шал болуп калган адамдын кандайдыр бир кыймылдарды жасоосуна мүмкүндүк берет, протез менен баскандар да колдонсо болот.

Neuralink компаниясы 2016-жылы түптөлгөн. Алар алгачкы экспериментти 2020-жылы чочкого, 2021-жылы маймылга жасап көрүшкөн.

2023-жылдын май айында бул тажрыйбаны адамдарга да колдонуп көрүүгө уруксат алган. Ошондон бери экспериментке макулдук бере турган ыктыярчыны издеп келишкен. Бирок эки ай мурда АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы компаниянын арызына уруксатты кайра жокко чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM