Connect with us

Европа инвестбанкы Кыргызстанга 150 млн евро бөлөт

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 235 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бельгияга жасаган сапарында Global Gateway инвесторлор форумуна катышты.

Форумда Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар талкууланды.

Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу жигердүү жүрүп жатканын айтты.

Бакыт Төрөбаев Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.

Жыйынтыгында Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорун каржылоо үчүн 150 млн евро бөлө турган болду. Бул жаатта атайын меморандумга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM