Биз менен байланышыңыз

«Шектүүнүн мүлкүн камакка алуу» беренесине түзөтүү киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 200 | 0

Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине толуктоо киргизүүнүн демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоордо Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинде көрсөтүлгөн «мүлккө камак салуу» шарттарына түзөтүүлөр каралган.

Тактап айтканда, эгер шектүүгө же айыпкерге тиешеси бар башка адамдардын мүлкүн камакка алууда тергөөчү себептүү негиздерин так көрсөтүүгө тийиш. Аны менен катар мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө чектөөлөрдү белгилөөдө мүлктү камакка алуу мөөнөтү, кылмышты алдын ала тергөөнүн, ишти сотко өткөрүү мөөнөтү эске алынышы зарыл.

Ошондой эле буга чейин беренеде көрсөтүлбөгөн «мүлктү камакка алуу мөөнөтүн узартуу тартиби» аттуу жаңы бөлүм киргизилген.

Атап айтканда, тергөөчү камакты андан ары узартууга өтүнмөнү камакты токтотуу мөөнөтүнөн жети сутка мурда бериши керек. Ал үчүн тергөөчү ага негиз болгон жагдайларды так көрсөтүп бериши зарыл. Аны менен катар өтүнмөдө камак канча убакытка узартылары так жазылат.

Сунушталган мыйзам долбоор 28-февралга чейин талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM