Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу базары мамлекетке өтө турган болду, ал өзүн канчалык актайт?

Коом , Экономика | 29 Янв 2024 | 1128 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу «Кара-Суу» базары мамлекетке өтөрүн билдирди. Ал базардын аймагында заманбап соода түйүндөрү куруларын, учурда мыйзамдуу жерлери бар базар ээлерине толук шарты менен орун берилерин айтты. Бул жаатта айрымдар базарлардын мамлекетке өткөнүн туура эмес эсептешет. Гектарлаган жерди ээлеп турган базарды мамлекетке мыйзамдуу өткөрүү татаал экенин, Башмыйзамда «менчик кол тийгис» деп жазылганын саясат талдоочулар белгилешет. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 27-январда Кара-Суу районундагы соодагерлер менен болгон жолугушуусунда «Кара-Суу» базары толугу менен мамлекетке өтөрүн айткан. Ошондой эле ал ар кандай көлөмдө ээлеп алган байлардын да жерлери мамлекетке алынарын кошумчалаган.

Атайын кызматтын төрагасынын айтымында, ал жерге  бардык шарты менен болгон чоң соода борбор ачылат.

«Ушул жер боюнча биз катуу көз салабыз. Мамлекеттик программанын негизинде «Кара-Суу» базары толук мамлекеттин менчигине өтөт. Бир-эки-үч-беш гектардан жерлерди ээлеп алган байлар бар, ал жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң соода борборлору түзүлөт. Ошол соода борборлордун ичинен кызыл китептери барларга менчик катары жерлерди бөлүп беребиз. Жылуу-жумшак отуруп, соода кыласыңар. Мунун баарын мамлекет жасайт. Акчасы көптөр, криминалдар мурдагыдай сатып ала алышпайт».

Ал соода борборлору жаз келери менен курула баштаары маалым болду. «Кара-Суу» базарына соода борборлорду толук куруп бүтүүгө эки жыл убакыт керектелет.

Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанда он миңдеген адам иштеген ири базарлардын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияларга чыгышып, айрымдары иш таштаган.

Андан кийин декабрь айынын башында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев: «Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү», — деп эскерткен. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири базарлардын ээлеринин атын атап, «бул адамдар базарлардан ири кирешелерди көргөнү менен мамлекетке, коомго, кол алдындагы соодагерлерге мамилесин өзгөртпөгөнүн» кошумчалаган.

Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун айтымында, базардын мамлекетке өткөнү туура эмес. Эгер мамлекет кааласа, өзүнчө муниципалдык базар куруп, шартын түзүп, ижара акысын арзан кылып койсо, ишкерлер өздөрү келет.

«Мен мамлекетке өткөнү туура эмес деп ойлойм. Анткени мамлекетте жер кенен, кааласа бир жерге базар курса жакшы болмок. Жеке бир бизнес, бир канча жылдан бери иштеп келген даяр нерсени алгандан көрө жаңысын курса туура болмок деген ойдомун. Экономикалык жактан түштүккө чоң таасирин тийгизет, ал жерде он миңдеген адам иштейт, реэкспорт болот. Мамлекетке өткөн учурда да алар иштей берет, бирок өзгөрүү болот, инвестклиматка таасирин тийгизет».

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев «Кара-Суу» сыяктуу базарлар өлкө аймагында көп экенин айтып, алардын эконмикалык миссиясы аяктап калды деген пикирде. Анткени алар өткөөл заманда пайда болуп, бир топ жарандар иш кылганын кошумчалады.

Ошондой эл ал «Кара-Суу» базарын мамлекетке өткөрүү мыйзамдын чегинде болсо, туура эле деп ойлойт.

«Баары мыйзамдын чегинде болсо, туура эле деп ойлойм. Биринчиден, мындай базарлардын системасынын жаман жери санитардык нормалар сакталбайт экен, үстүн жаап койгону менен кышында суук болот. Экинчиден, укуктук жактан да татаалдашып кетет экен. Мисалы, жердин ээси бар, анан контейнердин ээси бар, контейнердин ээси ижарага берет. Кээ бир соодагерлер 15-20 контейнерди ижарага алып, кайра субижарага берген учурлар да бар, кыскасы, аябай татаалдашып кеткен. Бул учурда ККМ системасын киргизүү да кыйын болуп жатат окшойт».

Ошондой эле ал шаардын инфраструктурасына да маани берүү керектигин, базарлардын айланасында кылмыштуулук да көп болорун, андыктан баары мыйзамдын чегинде, ишкерлердин да кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Саясат талдоочу, юрист Төлөгөн Келдибаев «Кара-Суу» базарын мамлекеттин менчигине мыйзамдуу түрдө өткөрүү жолдору өтө татаалдыгын белгилейт. Келдибаев ал жерде жыйырмага жакын базар бар экенин айтып, качан гана базар ээлерине оор беренелер менен кылмыш иш козголуп, алардын мүлкүн конфискация жолу менен гана алууга болорун же базар ээлери өз ыктыяры менен өткөрүп берген учурда гана болорун эскертти.

«Кара-Суу» базарын мамлекетке мыйзамдуу өткөрүү жолдору татаал. Ал жерде жыйырмага жакын базар бар, жердин жалпы аянты 15 гектарга жакын. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөр кирип, 10 жылга чейинки доолорду кабыл ала турган болду, андан ашкан арыздарды административдик сот кабыл кылбай турган болду. Айтайын дегеним, «Кара-Суу» базарындагы менчиктештирген документтер, токтомдор, мамлекеттик актылар 30 жыл мурда кабыл алынган, мыйзамдуу түрдө кабыл алуу татаал. Аны мамлекетке өткөрүүнүн бир гана жолу бар: базар ээлерине Кылмыш-жаза кодексиндеги оор беренелер менен иш козгоп, мүлкүн конфискация кылуу керек. Же болбосо, базар ээлери өз ыктыяры менен өткөрүп берген учурда алса болот. Өлкөнүн Башмыйзамында «Кыргыз Республикасында менчик кол тийгис» деп турат, кандай жол менен алат, мен түшүнбөй турам».

Ошол эле учурда базардын негиздөөчүлөрү «директор кылмыш кылса, бизде эмне күнөө?» деши мүмкүн экенин, базардын ордуна заманбап соода түйүнүн куруу үчүн болжолдуу  түрдө бир миллиард долларга жакын акча кетерин, бул долбоор да «Асман» шаары сыяктуу токтоп калуу ыктымалы барын айты.

Айрым базар ээлери базардын мамлекетке өткөрүүгө макул эместигин билдирип жатышат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-январда Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын бир бөлүгүнүн кожоюну камакка алынганын маалымдаган.

Жеке ишкер Жээнбекова өзү көзөмөлдөгөн бөлүктөгү ижарачы соодагерлерди коркутуп, келишим түзүүдө жана аны узартууда 5 миңден 10 миң долларга чейин мыйзамсыз акча алып турганы аныкталган. Ижарачылар соода жайды алдырып жиберүүдөн коркуп, ижара акыдан тышкары да мыйзамсыз акча которуп турууга аргасыз болушкан.

24-январда бул боюнча УКМКга арыз түшкөн. Анын негизинде атайын операция уюштурулуп, соодагерлердин бири мурда суралган 5 миң долларды ишкердин эсебине которгон. Андан кийин УКМК кызматкерлери жеке ишкерди кармап, тергөө абагына камакка алган.

«Кара-Суу» базары 1984-жылы негизделген, ошол учурдагы Киров колхозунан атайын 12 гектар жер берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, эгемендиктен кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт өзүнө кайтарып алган. Андан кийин ар кандай чыр-чатактар башталган.

Азыркы учурда базардын жалпы аянты 15 гектарга чукул, ал жерде 20га жакын базар бар. Алардын ичинен эң негизгиси: «Туратали» базары.

Copyright © 2017 Maral FM