Биз менен байланышыңыз

Карылар, балдар үйлөрүнө көзөмөл камералар орнотулууда

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 116 | 0

Карылар, балдар үйлөрүнө көзөмөл камералар орнотулууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Өткөн жылдын сентябрь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министр Гүлнара Баатыровага социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу, стационарлардын санариптик инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Маалым болгондой, учурда 17 интернатта 2 миң 332 адам жашайт, алардын 522си улгайган жана майып жарандар, 1810у психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар.

Андан тышкары карылар жана балдар үйлөрүн Президенттин администрациясынын, Министрлер кабинетинин ишин сапаттуу, аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн административдик кырдаал борборуна кошуу чаралары көрүлүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM