Биз менен байланышыңыз

Маркумдун паспортун чет элдикке берүүгө шектелген кызматкер кармалды

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 303 | 0

Бишкектин Октябрь райондук паспорт-виза бөлүмүнүн жетектөөчү адиси «көзү өткөн адамдын паспортун казакстандык шылуунга берген» деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Казакстанда «каржы пирамидасын түзүүгө жана уюштурууга» шектелип, издөөдө жүргөн О.А. аттуу адам 2023-жылдын 30-декабрында Бишкектеги Face ID камеранын жардамы менен кармалган.

Тергөөдө казакстандык шылуундун 2000-жылы каза болгон Кыргызстандын жаранынын паспортун пайдаланып жүргөнү белгилүү болгон.

Казакстандын жараны Кыргызстандын паспортун бир нече ирет колдонгон. Ал ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз сактаганы үчүн жоопко тартылып, 150 миң сом айып да төлөгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренеси (паспортту мыйзамсыз берүү) менен иш козголгон. Ага ылайык, паспортту мыйзамсыз берүүгө шектүү катары Октябрь райондук паспорт-виза бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 1981-жылы туулган К.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM