31-январда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында Асел Жураева тарткан «Теңирберди» тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Лирикалык комедия жанрындагы тасма «Азиянын чыгармачыл айымдары» коомдук фонду, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылган.
Тасмада айылда күн кечирген, туяксыз абышка-кемпир тууралуу баяндалат. Күндөрдүн биринде алардын эшигинин алдына кимдир бирөөлөр алты айлык ымыркайды таштап кетишет. Абышка-кемпир алгач мамлекетке өткөрүп берүүнү ойлошуп, бирок «жаш балдардын органын сатышат экен» деген ушактан улам балага Теңирберди деген ат коюп, өздөрү багып алышат.
Тасманын сценарийин Асел Жураева атактуу кинорежиссёр Темир Бирназаров менен биргеликте жазган. Ролдорду Токтосун Арзыгулов, Гүлайым Каниметова, Калипа Таштанова, Жеңишбек Сманов сыяктуу атактуу актёрлор ойногон.
Көркөм тасма буга чейин бир нече эл аралык сыйлыктарды алган.