Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы чиркөөгө ок атуу боюнча Орусиянын, Тажикстандын жараны кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 443 | 0

Түркиянын Стамбул шаарындагы Санта Мария чиркөөсүнө ок атууга шектелип, Орусиянын жана Тажикстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая журналисттер үчүн жасаган маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, ок атуудан Тунжер Жихан аттуу адам каза тапкан. Бул кылмыш боюнча жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

Ыкчам аракеттерге өткөн Түркия ИИМинин кызматкерлери 30дан ашуун жерге текшерүү жүргүзүп, 47 адамды каттоого алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө саат 22:00дө анык шектүү делген эки адам полиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бири Орусиянын, бири Тажикстандын жараны экенин айтты министр.

Айта кетсек, кечээ, 28-январда жекшембилик сыйынуу учурунда Стамбулдагы Санта Мария чиркөөсүнө бет капчан эки адам кирип келип, Тунжер Жиханды атып салышып, качып кетишкен.

Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM