Биз менен байланышыңыз

Сузактагы кылмыштык жол менен өрттөлгөн имарат калыбына келтирилди (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 182 | 0

Кылмыштык жол менен өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты кайра калыбына келтирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айта кетсек, 2021-жылдын 10-октябрында Сузак айыл өкмөтүнүн имараты өрттөнүп кеткен. Бул иш иликтөөгө алынып, айрым документтерди жок кылуу, айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн акчаларын уурдап кетүү максатында атайылап өрттөлгөнү аныкталган. Анткени менен ишти иликтөө кечеңдеп, кылмышкерлер убагында табылбай калган.

Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы 2023-жылдын август айында материалдарды алып, иликтөөнү андан ары уланткан. Жыйынтыгында өрт коюуну уюштургандар, өрттөп кеткендер табылып, камакка алынган.

Эксперттер текшерүү жүргүзүп, имаратты кайра калыбына келтирүүгө 6 млн сом кетерин тактап чыгышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышкерлер айтылган сумманы толук төлөп беришкен.

Каражат толугу менен өрттөлгөн имаратты кайра курууга жумшалып, натыйжада 27-январда пайдаланууга берилди.

Имараттын ачылыш салтанатына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Айта кетсек, ушул үч жыл аралыгында Сузак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери райондук паспорт столдо иш жүргүзүп, бул бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM