Биз менен байланышыңыз

Тумандан улам «Ош» эл аэропортунда аба каттамдары кармалууда

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 224 | 0

Бүгүн, 27-январда аба ырайынын шарттарына байланыштуу «Ош» эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Коюу тумандан улам түнкү саат 03:20дан тарта учактар кармалып турат. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизанталдуу 300 метрди, вертикалдуу 50 метрди түзөт.

Учуу убактылары боюнча кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM