Connect with us

«Альянс» фракциясынан кийинки депутат Элдар Абакиров болушу мүмкүн

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 321 | 0

Жогорку Кеңешке Фарходбек Алимжановдун ордуна депутат болуп «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров келиши мүмкүн.

Ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 4205 добуш алган. «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турат.

Жогорку Сот бүгүн, 26-январдагы отурумунда «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечими күчүндө калтырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда УКМКнын маалыматтарынын негизинде жасалма диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарган.

Андан кийин мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.

43 жаштагы Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген.

2021-жылы президенттикке талапкер болгон.

Биографиясы:

Абакиров Элдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган.
Билими:
  • 2002 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасын алган.
  • 2006 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 2002 — Алматы шаарындагы «Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институтунун» программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде окутуучу.
  • 2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.
2012-жылдан тарта ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ишке ашырган. 
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM