Жогорку Кеңешке Фарходбек Алимжановдун ордуна депутат болуп «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров келиши мүмкүн.
Ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 4205 добуш алган. «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турат.
Жогорку Сот бүгүн, 26-январдагы отурумунда «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок.
Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечими күчүндө калтырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда УКМКнын маалыматтарынын негизинде жасалма диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарган.
Андан кийин мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.
43 жаштагы Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген.
2021-жылы президенттикке талапкер болгон.
Биографиясы:
- 2002 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
- 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
- 2004 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасын алган.
- 2006 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.
- 2002 — Алматы шаарындагы «Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институтунун» программист-аналитиги;
- 2003 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
- 2004 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
- 2005-2010 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
- 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
- 2011-2016 — Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде окутуучу.
- 2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.