Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127,4 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 80 | 0

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127 миллиард 413,6 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Эки айдын ичинде бул көрсөткүч 348,9 миллион сомго өскөн. 2022-жылы алтын активдеринин деңгээли 1,5 эсе аз болгон.

Улуттук банктагы монетардык эмес жана алтын түрүндөгү запастары 127 миллиард 985,5 миллион сомго бааланган. Эки айда алар 8 миллиард 971,1 миллион сомго азайган. 2022-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5,9 миллиард сомго азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM