Биз менен байланышыңыз

Жарандыгы жок адамдар кимдер жана алар кайсы жакка кайрылышы керек?

Блог | 25 Янв 2024 | 439 | 0

Жарандыгы жок адам — ошол мамлекеттин жараны болуп эсептелбеген жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экенине далили жок адам. Жарандыгы жок адам өзүнүн жарандыгынан ажыраганда жана жаңысына ээ болбогон учурда жаралат. Кыргызстанда жарандыгы жок адам (чет өлкөлүк жарандардай эле) улуттук режимден пайдаланат  тиешелүү документтерин калыбына келтирсе болот. Бирок алар толук жарандык алмайынча саясий (шайлоо ж.б) укуктарга ээ боло алышпайт.

Жарандыгы жоктор кимдер?

Жарандыгы жок адамдар коомдун эң аялуу катмарларынын бири болуп саналат жана туруктуу өнүгүү процессинде артта калуу коркунучуна дуушар болушат.

Кыргызстанда жарандыгы жок киши деп чет өлкөнүн жарандыгына таандык экенине далили жок адам эсептелет. Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал күбөлүк өздүгүн аныктаган жана жарандыгы жок адамдын макамын тастыктаган  документ болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү нукура жүрүү документи болуп саналат.

Жарандыгы жок адамдар эки категорияга бөлүнөт:

  • Жарандыгы жок адамдар. Алардын статусу мамлекеттик деңгээлде белгиленбей, эч кандай документ жок.
  • Экинчиси, «расмий түрдө жарандыгы жок» деп катталган адамдар.

Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарандыгы жок адамдардын укуктары тууралуу эмне дейт? 

1948-жылы, 10-декабрда кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 15-беренесинде 

  1. Ар бир адам граждандуулукка ээ болууга укуктуу.
  2. Эч ким ээнбаштык менен граждандыгынан ажыратылышы же өз граждандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес, — деп айтылат.

Жарандык алуунун шарттары оорбу?

Жарандык алуу мыйзамы анчалык оор жазылган эмес. Кээ бир документтерди табуу, себептерин табып далилдөө кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул болгону узак убакытты талап кылат. Бирок, Кыргызстан БУУнун Качкындар агенттиги демилгелеген 2014-жылы #IBelong кампаниясынын алкагында 13700дөн ашык жарандыгы жок адамдарды, анын ичинде 2000ден ашуун баланы аныктап, аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алууга, Кыргызстандын жарандыгын тастыктоого же алууга жардам берген. Ошондой эле 10 жыл аралыгында мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргызстан жарансыздык боюнча жаңыдан аныкталган учурларды чечүү жана жарансыздыктын кайталанышына жол бербөө боюнча милдеттенмелерин аткарып келет.

Кайсы жакка кайрылса болот?

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Тиешелүү бөлүмдөр ар бир райондо бар. Андан тышкары, айыл өкмөт, милициялар жардам бере алат. Алар кат түрүндө калкты каттоо департаментине кайрылат.

Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу үчүн кандай документтерди тапшыруу зарыл?

  • эркин формада жазылган арыз;
  •  жарандыгы жок адам үчүн жашап турууга уруксат;
  • ак–кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт.

 Жашап турууга уруксаттын жарактуулук мөнөтү бүтөөрдөн бир ай мурда төмөнкүдөй документтерди тапшырууга тийиш:

  •   эркин формада жазылган арыз;
  •   жашап турууга уруксат жана анын көчүрмөсү;
  •  жарандыгы жок адамдар үчүн – жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
  •  чет өлкөлүк жарандар үчүн – чет мамлекеттин жарактуу паспорту;
  •  Департаменттин аймактык органдарынын жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдар үчүн – жашап турууга уруксаты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жоголгону жөнүндө маалымкаты;
  •  иштеген жеринен маалымкат;
  • жашаган жеринен маалымкат;
  • ак–кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт;
  • мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.

Жашап турууга уруксат фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөнгө байланыштуу алмаштырылганда ал шарттарды ырастаган документтер тапшырылат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM