Connect with us

Зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдаткан мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 381 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алган бул мыйзам зордук-зомбулук менен күрөшүү, зордукчулардын жазасын катаалдатуу максатында иштелип чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесиндеги «жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген чыгымдын ордун толуктаса, жоопко тартылуудан бошотулушу мүмкүн» деген ченемдер зордуктоо кылмышынан таптакыр алып салынды. Жаңы ченемдер боюнча зордукчулар кандай шартта болсо да, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Ушул эле ченемдердин негизинде Жазык-процесстик кодексинин 24-беренесине, 505-беренесине, 507-беренесине да өзгөртүүлөр киргизилди.

Андан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинде каралган кылмыштын эскирүү мөөнөтү, 82-беренесинде каралган пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөө коюп, үй камагына чыгуу мүмкүнчүлүктөрү зордуктоо кылмышынан алып салынды.

Ушул ченемдердин негизинде Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине да өзгөртүү киргизилди.

Мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM