Connect with us

Маммүлк агенттигинин директору орун басары менен кошо кызматынан кетти

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 338 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков менен анын биринчи орун басары Медер Машиев кызматынан алынды.

Директорду кызматтан алуу боюнча тескемеге Президент Садыр Жапаров, биринчи орун басарын кызматтан алуу боюнча буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Айрым маалымат каражаттары мунун себебин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин унаалары боюнча тараган билдирүүгө байланыштырып жатышат.

Айта кетсек, Маммүлк агенттиги Камчы Көлбаевден конфискацияланган унаалардын бири Президенттин иш башкармалыгына, бири Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилгенин кабарлаган. Кийинчерээк УКМК муну төгүндөп чыккан.

Канатбек Тургунбеков бул кызматка 2023-жылдын 12-апрелинде дайындалган. Ордуна ким келери азырынча айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM