Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 291 | 0

Өлкө аймагында бир жумада 23 миң 240 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

15-январдан 21-январга чейин төмөнкүдөй жол эрежесин бузуу фактылары болгон:

  • 251 айдоочунун тийиштүү документтери жок болгон;
  • 333 айдоочу мас болуп кармалган;
  • 49 айдоочу унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн айып пул төлөшкөн;
  • 1 миң 281 жөө адам жолдо жүрүү эрежесин бузган;
  • 3 миң 648 айдоочу унаа колдонуу тартибин бузган;
  • 12 айдоочу ээнбаштык кылган;
  • 3 миң 405 айдоочу ылдамдыкты ашырып жиберген;
  • 1 айдоочу унаасына жалган номур тагып алган.

Булардан тышкары да 14 миң 260 ар кандай тартип бузуулар катталган. Мунун ичинен 1 миң 210 унаа айып короосуна токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM