Өлкө аймагында бир жумада 23 миң 240 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
15-январдан 21-январга чейин төмөнкүдөй жол эрежесин бузуу фактылары болгон:
- 251 айдоочунун тийиштүү документтери жок болгон;
- 333 айдоочу мас болуп кармалган;
- 49 айдоочу унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн айып пул төлөшкөн;
- 1 миң 281 жөө адам жолдо жүрүү эрежесин бузган;
- 3 миң 648 айдоочу унаа колдонуу тартибин бузган;
- 12 айдоочу ээнбаштык кылган;
- 3 миң 405 айдоочу ылдамдыкты ашырып жиберген;
- 1 айдоочу унаасына жалган номур тагып алган.
Булардан тышкары да 14 миң 260 ар кандай тартип бузуулар катталган. Мунун ичинен 1 миң 210 унаа айып короосуна токтотулган.