Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Челябинсктеги базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткен

Кыска кабар | 20 Янв 2024 | 190 | 0

Кечээ, 19-январда Орусиянын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен эки кыргызстандык жарандын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат.

Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта болууда, — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 19-январда Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында ири өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2,5 сааттай убакыт кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча 1200 чарчы метр жер өрттөнүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM