Биз менен байланышыңыз

Быйыл жарандыгы жокторду тактап, жардам берүү иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2024 | 725 | 0
Каттоо департаментинин жетекчи орун басары Бекзат Ибраимов, эксперт Улусбек Эмилбеков

Быйыл февраль айынан тарта Кыргызстанда жарандыгы жок адамдарды тактоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бекзат Ибраимов «Маралдын» түз эфиринде айтты.

«Калкты каттоо департаментинде быйыл жасала турган иш-чаралар планы бекитилди. Биз жарандыгы жок адамдарды аныктап, жардам берүүнү пландап жатабыз. Айыл өкмөттөр, акимияттар менен чогуу кимдин документи жок экенин сурамжылап, иш алып барабыз. Кимдин документи жок болсо, ошолорго жардам бергенге аракет кылабыз. Тийиштүү консультациялар берилет», — деди Бекзат Ибраимов.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристи Улусбек Эмилбековдун маалыматына караганда, 2023-жылы каттоо органдарына 250 жаран документ алуу үчүн арыз менен кайрылган. Бирок өлкөдө такыр документи болбогон жарандар көп. Аталган укуктук уюм 50 кишиге документ алуу үчүн кеңештерди берген.

«2019-жылга чейин жарандыгы жоктор аябай көп болчу. Андан кийин азая баштады. Бирок бүгүнкү күндө жеке практикама таянып айтсам, өлкөнүн аймактарында жарандыгы жок, бир дагы документи болбогон адамдар көп. Былтыр Калкты каттоо департаменти жер-жерлерге мобилдик топторду жөнөтүп, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Мен да кошулуп барып жүрөм. Мисалы, Чүйдүн Сокулук районунда жашаган бир тургун үйү, жер аянттары, малын көрсөттү. Мунун баары меники дейт, бирок документи жок экен. Ушундай жашагандар абдан көп. Балдары мектепти бүтүп, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баштап, такыр документи жок жүргөндөр бар», — деди юрист.

Эксперттердин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанда жарандыгы жок адамдар көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM