Биз менен байланышыңыз

Профсоюз федерациясынын маселеси кайрадан көтөрүлдү

Коом | 18 Янв 2024 | 432 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов федерациянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын токтомун Башкы прокуратура эми гана карап жатканын айтып, бул көрүнүштү депутаттардын жумушуна болгон кайдыгер мамиле деп сындады.

Ал эми Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлү Атазовдун айтканын четке кагып, депуттык комиссия текшерип, токтом кабыл алгандан кийин, Президенттин жарлыгы чыгып, кээ бир кызматкерлерди жоопко тартуу, пансионаттарды текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты. 

Кесиптик кошуундар федерациясынын иши боюнча бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов маселе көтөрдү. Ал өткөн жылдын 21-июлунда федерациянын ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын токтомун Башкы прокуратура эми гана суратып жатканын айтып, бул көрүнүштү депутаттардын жумушуна болгон кайдыгерлик катары баалады.

«Профсоюздардын, башкача айтканда, мамлекеттеги экинчи «Кумтөр» аталган «кылмыштуу топтордун» ишин депутаттык комиссия бир жыл бою карап чыктык. 2023-жылдын 21-июлунда ушул жерде депутаттык комиссия отчёт берип, токтом кабыл алганбыз. Ушул токтомдун аткарылышын төрт айдан бери эч ким карай элек. Кечээ күнү Башкы прокуратура: «Ошол аныктаманы берип койсоңор, окуп коёлу», — деп суратыптыр. Бул деген — кайдыгерлик, Жогорку Кеңештин чыгарган токтомдоруна, айрыкча Кесиптик бийликтер боюнча чыгарган токтомдоруна бут тосуу. Төрагадан суранат элем, депутаттар чыгарган токтомду көзөмөлдөгөн орган бар да, ошолор кыймылдап койсо. ИИМ бул боюнча так жообун берди, «экономикалык пленияга бара албайбыз» дейт. Финпол жоюлуп кетти, прокуратурадан тергөөнү алып койду, эми ким карайт?»

Депутаттын билдирүүсүн Кесиптик кошуундар федерациясына караштуу «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын башчысы, атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Улан Тумаков четке какты. Анын айтымында, депутаттык комиссия түзүлүп, токтом кабыл алынгандан кийин, Президент жарлыкка кол коюп, федерацияны мамлекеттик органдар текшерип, кээ бир кызматкерлер жоопко тартылган.

«Депутаттык комиссия түзүлүп, токтом кабыл алгандан кийин, ажобуз жарлык чыгарып, бардык текшерүү иштери башталды. Депутаттар «Профсоюзду текшерүү керек» дешип, депутаттык комиссия түзүлүп, текшерүү жүрдү. Ошонун натыйжасында беш-алты адам камалды. Объектилердин баары Президенттин иш башкармалыгына өтүп жатат. «Бүгүнкү күндө да объектилерди сатып жатат», — деп жатат. Эч нерсе сатылган жок, тескерисинче, мурда ижарага берилген, сатылган объектилерди кайра кайтарып алып жатат. Баарын токтотуп, Профсоюзду изоляцияга алып койду бир тыйын акча түшпөй тургандай кылып. Азыр эч кандай акча жок, жумушчулардын айлык акысын бере албай, аларды мөөнөтсүз өргүүгө кетирип жатабыз». 

Улан Тумаков мыйзам боюнча эч бир орган кесиптик кошуундардын ишине кийлигишпеши керектигин кошумчалады.

Депутат Балбак Түлөбаев Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин начар деп баалады. Ал аталган мекеменин милдети жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардын укугун коргоо, мүчө болуп кирген ишчилердин кандай шартта иштеп жатканын көзөмөлдөө экенин белгиледи.

«Пофсоюзду толук реформалоо керек. Алар өздөрүн өздөрү реформалашы керек. Өлкөдөгү бардык Профсоюздун мүлкүн мамлекеттик органдарга алып, же жеке менчикке берип, кандайдыр бир жолго салуу керек. Бүт баары талкаланып калды. Профсоюз, укуктарды коргобойсуңарбы? Көрүнгөнү кирип, кээ бир дарыгерлерди сабап, өлтүргөнгө чейин барып жатышат; мугалимдерди ар кайсы жакка колдонуп жатышат; кээ бир кызматкерлерди ишинен мыйзамсыз алып жатышат; ошолордун укугун профсоюз коргошу керек эле. Алардын укугун коргобогон профсоюздун эмне кереги бар?»

Профсоюздар маселеси парламентте көтөрүлгөн учурда Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Ысык-Көл эс алуу үйү» пансионатынын абалы менен таанышып жүргөн видеосун жарыялады.

Анда ал пансионатты инвесторго берүүгө даяр экенин, пансионаттарды жыл бою иштей турган режимге өткөрүү керектигин айткан.

«Бул пансионатка инвестиция салуу керек. Бул турушунда болбойт. Биз инвесторго берүүгө даярбыз. Болгону келишим түзгөндөн кийин узартып күттүрбөй, убакытты кетирбей, бардык нерсе даяр болушу керек. Эң башкысы, жол картаны түзүп даяр болсо эле, биз даярбыз, эч кандай маселе жок. Бир гана бул пансионат эмес, бардык пансионатка айтып жатам. Эң негизгиси, жакшы шарт түзүп, жыл бою иштей тургандай шарт болушу керек».

Акыркы жылдары Кесиптик кошуундар федерациясынын иши боюнча Жогорку Кеңеште бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Ошондой эле федерацияда ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук кесиптик кошуун бар экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM