Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тик учактын кыйрашы боюнча эки кызматкер иштен четтетилди

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 129 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

МИ-8 МТВ аскердик тик учагынын кыйрашына байланыштуу эки кызматкер ишинен четтетилди. Маалыматты Коргоо министрлиги тастыктады.

Министрлик анын себебин кырсыктын чоо-жайын ар тараптуу, терең иликтөөгө байланыштырышты.

Айрым басылмалар иштен четтетилген кызматкерлер абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Кылычбек Айдаралиев жана ошол бөлүмдө эмгектенген адам экенин жазып чыгышты.

Бүгүн, 17-январда Бишкектин Достук кичи районуна жакын жердеги «Фрунзе-1» авиабазасында МИ-8 МТВ аскердик тик учагы кулаган.

Кырсыктан бир аскер кызматкери каза таап, 10 аскер ооруканага жаткырылган. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө түшүп, бирөөнүн абалы өтө оор экени айтылган.

Тик учактын кулашы: Бир аскер көз жумду, калганы ооруканада

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM