Connect with us

Тик учактын кулашы: Бир аскер көз жумду, калганы ооруканада

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 2012 | 0

Бишкекте Достук кичи районунан алыс эмес жерде «Фрунзе-1» авиабазасында кулаган Ми-8 аскердик тик учагы авариялык түрдө конууга аргасыз болду.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен бир аскер кызматкери каза болду, дагы 10 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор деп бааланууда. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Коргоо министрлигинин жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM