Биз менен байланышыңыз

Ошто бир айдан бери изделип жаткан адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 403 | 0

Ошто бир айдан бери изделип жаткан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын 21-декабрында «102» кызматына билдирүү түшкөн. Андан белгилүү болгондой, 1985-жылы туулган киши 19-декабрда Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Туугандары айылды аралап өткөн каналга түшүп кетиши мүмкүн экенин божомолдошуп, күн сайын изделип жаткан.

Бүгүн, 17-январда Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ички иштер бөлүмүнөн 2 кызматкер, 15 жергиликтүү тургун издөөгө чыккан.

Натыйжада 12:24тө дайынсыз делип жаткан адамдын сөөгү табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM