Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Улан Уезбаев соттун чечими менен кызматынан алынды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 138 | 0

Бишкек мэриясына караштуу транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген ордунан бошотулду.

Маалым болгондой, Улан Уезбаев боюнча Бишкек шаардык соту чечим кабыл алып, анын көчүрмөсү мэрияга жөнөтүлгөн. Буга жана өзүнүн берген арызына байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев директорду ишинен бошоткон буйрукка кол койгон.

Айта кетсек, 2021-жылдын 7-декабрында УКМК Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаевди «Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеп турганда 45 миң доллар пара алган» деген шек менен камакка алган.

Иш сотко өтүп, Биринчи Май райондук соту Улан Уезбаевди актаган чечим чыгарган. Андан соң мэр 2023-жылдын ноябрь айында  аны транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору кылып дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM