Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Коомдук унаалардагы жеңилдиктер өзгөрүүсүз калат

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 141 | 0

Коомдук унаалардагы жеңилдиктер өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 30-январдан баштап Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго жол кире көтөрүлөт. Бирок бул көтөрүлүү бекер түшүү укугу бар жарандарга таасирин тийгизбейт. Тагыраагы, төмөндө белгиленген категориядагы адамдар коомдук унааларда мурункудай эле акысыз жүрүшөт:

  • пенсионерлер;
  • I, II, III топтогу майыптар;
  • тубаса майыптар;
  • жети жашка чейинки балдар;
  • кызматтык милдетин аткарып жүргөн почточулар.

Ал эми маршруттук кичибустарда пенсионерлер 9:00дөн 17:00гө чейин 8 сом жеңилдик менен жүрө алышат.

Айта кетсек, Бишкекте жол кирени жогорулатууну демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган. Мыйзамдын негизинде кабыл алынган токтомго 15-январда кол коюлган. Белгиленген тартипке ылайык, ал 30-январда күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM