Коомдук унаалардагы жеңилдиктер өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 30-январдан баштап Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго жол кире көтөрүлөт. Бирок бул көтөрүлүү бекер түшүү укугу бар жарандарга таасирин тийгизбейт. Тагыраагы, төмөндө белгиленген категориядагы адамдар коомдук унааларда мурункудай эле акысыз жүрүшөт:
- пенсионерлер;
- I, II, III топтогу майыптар;
- тубаса майыптар;
- жети жашка чейинки балдар;
- кызматтык милдетин аткарып жүргөн почточулар.
Ал эми маршруттук кичибустарда пенсионерлер 9:00дөн 17:00гө чейин 8 сом жеңилдик менен жүрө алышат.
Айта кетсек, Бишкекте жол кирени жогорулатууну демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган. Мыйзамдын негизинде кабыл алынган токтомго 15-январда кол коюлган. Белгиленген тартипке ылайык, ал 30-январда күчүнө кирет.