Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Журналисттерге куугунтук же кысым болгон жок

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 282 | 0

Жогорку Кеңештин төргасы Нурланбек Шакиев парламенттин 17-январдагы жыйынында журналисттердин массалык кармалышы боюнча үн катып, алардын үйүнүн тинтилүүсү жана кармалуусу сөз эркиндигине кысым катары болуп эсептелбей турганын айтты.

Ал депутат Дастан Бекешевдин депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунушуна жооп катары ага зарылчылыгы жоктугун белгиледи.

«Азыркы болуп жаткан иштерди сөз эркиндигине карата «куугунтук же кысым» дегенге кошулбайм. Себеби, бардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болушу керек. Мунун баары сырттан кайсы бир уюмдардан каржыланган Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүп жаткан экономикалык көрсөткүчкө терс таасирин тийгизбей койбойт. Анткени, журналистикага жамынган, өздөрүн журналистмин деп эсептеген блогердин же башкаларын ээн ооздук, ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар, ким каалаганын айта алат, дей алат. Анын бир мисалы катары азыр кесиптешим трибунага чыгып, өз пикирин ачык билдирди. Бирок өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбей, ээн ооздуктун чеги болот. Менин дарегиме да бир канча сын айтылып келет, мурдагы журналист катары эч ким менен соттошкон жокмун. Мен сөз эркиндигин коргойм, мен сөз эркиндигин сактайм, сыйлам. Бирок жоопкерчиликсиз мамле сөзсүз жазаланышы керек. Сөзсүз түрдө мыйзам ищтеш керек»,- деди спикер.

Ошондой эле ал бирөө чыгып сүйлөп койсо эле, анын артынан депутаттык комиссия түзүү туура эместигин, саясатчы же мамлекеттик кызматкер болгон учурда комиссия түзсө болорун кошумчалады.

16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камоого алынды.

Жактоочунун маалыматы боюнча 48 саатка камалган журналисттер:

  1. Махабат Тажибек кызы.
  2. Сапар Акунбеков.
  3. Азамат Ишенбеков.
  4. Сайпидин Султаналиев.
  5. Актилек Капаров.
  6. Тыныстан Асыпбеков.
  7. Максат Тажибек уулу.
  8. Жодар Бузумов.
  9. Жумабек Турдалиев.
  10. Айке Бейшекеева.
  11. Акыл Орозбеков.

Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылды.

Copyright © 2017 Maral FM