Биз менен байланышыңыз

ИИМге суракка чакырылган 11 журналист 48 саатка камалды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 617 | 0

16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген  «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камоого алынды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун маалыматы боюнча 48 саатка камалган журналисттер:

  1. Махабат Тажибек кызы.
  2. Сапар Акунбеков.
  3. Азамат Ишенбеков.
  4. Сайпидин Султаналиев.
  5. Актилек Капаров.
  6. Тыныстан Асыпбеков.
  7. Максат Тажибек уулу.
  8. Жодар Бузумов.
  9. Жумабек Турдалиев.
  10. Айке Бейшекеева.
  11. Акыл Орозбеков.

Жоошев кошумчалагандай, кармалгандардын бардыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылган.

Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктады.

Copyright © 2017 Maral FM