Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы журналисттердин укугун коргоого чакырды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 105 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо, сот, прокуратура органдарын журналисттердин укугун жана эркиндигин сактоого чакырды.

Акыйкатчынын пикиринде, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин, башка журналисттердин үйлөрүн тинтүү, өздөрүн суракка алуу алардын Башмыйзамда кепилденген укугун бузуу болуп саналып, сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет.

Аны менен катар жарандардын сөз эркиндиги, өз көз карашын ар кандай жолдор менен чагылдырышы Башмыйзамдын 10-беренесинин 32-бөлүмү, Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 19-беренеси, «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» эл аралык келишимдин 19-беренеси, «Журналисттердин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинин 8-бөлүмү менен кепилденгенин эскертип өткөн.

Ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынан журналисттер тууралуу чечим кабыл алууда саналып өткөн беренелерди да эске алып коюну талап кылган.

Журналисттердин үйү тинтилип, суракка алынышы эмнеден кабар берет?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM