Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин үйү тинтилип, суракка алынышы эмнеден кабар берет?

Саясат | 16 Янв 2024 | 2181 | 0

Бүгүн, 16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун, «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Булардын ичинен Сапар Акунбеков менен Актилек Капаровду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка алып кеткени, аларга «массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси менен иш козголуп жатканы маалымдалды. Аны менен катар «ПолитКлиника» сайтынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүнө да тинтүү жүргөнүн медиа мекеменин директору Дилбар Алимова кабарлады. Медиакоомчулук журналисттердин жапырт суракка алынышын кандай баалап жатат?

Бүгүн «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кетти.

«ПолитКлиника» сайтынын директору Дилбар Алимова аталган медиа мекеменин журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө да тинтүү жүрүп, милиция аны суракка алып кеткенин, жыйынтык чыга электигин кабарлады.

Алимова журналисттерге карата тинтүү, кармоолор жакшы эмес көрүнүш экенин белгилеп, муну сөз эркиндигине болгон чабуул катары баалайт.

«Тыныстан Асыпбек уулу — «ПолитКлиника» сайтынын журналисти. Эртең менен үйүндө тинтүү болуп жаткан жеринде бардым. Мага милиция келди деп чалган болчу. «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» кылмыш иши бар экени, алар күбө катары сурактан өтүшү керек экени тууралуу маалымат алдык. Азыр он чакты журналист суракка кирип кеткен. Муну «журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу, сөз эркиндигин муунтуу» деп бааласак болот. Жыйынтыгы кандай болот? Ошондон да көз каранды болот. Журналисттердин массалык кармалышы жакшы эмес көрүнүш. Сөз эркиндигине болгон чабуул десек болот».

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Тилек  Оторов милиция кызматкерлери интернет тармагына мониторинг жүргүзүшүп, анда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалар аркылуу массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыяланганы белгилүү болгонун билдирди.

Учурда министрликтин тийиштүү кызматтары ыкчам тергөө-иликтөө чараларын жүргүзүп жатат.

«Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда эскспертиза «Айт, айт десе», «Temirov Live» аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар экенин тастыктаган корутунду чыгарып берген. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен иш козголуп, тиешелүү тергөө жүргүзүүдө».

Мындан сырткары 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине да тинтүү жүрүп, директору Асел Оторбаевага, сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лынарга «согушка чакырык» деген кине коюлуп, УКМКга сурак берип чыгышканы кабарланган.

Кыргызстандын аракеттеги медиаплатформасынын төрайымы Тамара Валиева бийликтин бул кадамын журналисттерди коркутуу катары баалады.

Анын айтымында, мамлекет сөз эркиндигин ооздуктабай, тескерисинче, анын өнүгүшүнө шарт түзүп бериши керек.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү, журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтуктоо, ар бир жарандын ой-пикирин эркин билдирүү укугун кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясын түздөн-түз бузуу болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстан укуктук мамлекет жана эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү катары сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы бардык эл аралык стандарттарды сактоого милдеттенген. Өлкөнүн процессуалдык нормаларын бир катар одоно бузуулар да өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Ошентип адвокаттардын катышуусуз үйлөрдү жана кеңселерди тинтүү, ошондой эле суракты жактоочуларсыз жүргүзүү, операцияларды таңкы сааттарда жүргүзүү — мыйзамдуулуктун негизги принциптерин бузуунун коркунучтуу белгиси».

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөбаев мындай окуялар сөз эркиндигине терс таасир тийгизерин белгиледи.

Ал «Чек арасыз журналисттер» уюму жүргүзгөн эл аралык рейтингде Кыргызстан бир топ позицияларды жоготконун айтат.

«Журналисттер коомдо болуп жаткан маалыматтын баарын чагылдырып турат. Аларга болгон кысым өлкөдө демократиянын, сөз эркиндигинин бар же жок экенин көрсөтүп турган маанилүү көрсөткүч. Былтыр да эл аралык рейтингде бир топ түшүп кеттик. Чексиз журналисттер жүргүзүп жаткан рейтингде Кыргызстан бир топ позицияларды жоготту. Эгер ушундай саясат улана берсе, инвестициялык климат, Кыргызстандын эл аралык имиджи жабыркашы мүмкүн».

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов да бир топ журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлүүсү жана суракка чакырылышы боюнча пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, мындай аракет сөз эркиндигине, демократияга терс таасирин тийгизет.

Ошондой эле Икрамов бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратарын белгилеп, укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барарына ишенимин билдирди.

«ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринин кароосуна кирген. Эки комитет андагы кемчиликтерди белгилеп, кайра иштеп чыгуу үчүн күн тартибинен алып салган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору сөз эркиндигине, эркин ЖМКларга кысым көрсөтүүгө алып барарын медиа талдоочулар айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM