Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары эмне үчүн жылда алдыңкы орундарды алышат?

Блог , Пикирлер | 17 Янв 2024 | 1015 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин олимпиадалар боюнча координатору Улукбек Жумалиев, информатика сабагы боюнча машыктыруучусу Кылыч Ураимов жана олимпиададан байгелүү орундарды алган окуучулар биз менен маектешти.

— Эл аралык Жаутыков олимпиадасы кандай деңгээлде өткөзүлүп келет?

Жумалиев: — Эл аралык Жаутыков олимпиадасы быйыл жыйырманчы жолу болуп жатат. Ал эми «Сапат» билим берүү мекемелери 2005-жылдан бери катышып келүүдө. Ошондон бери алдыңкы орундарды ээлеп келе жатабыз. Былтыркы жылы бир алтын, эки күмүш, үч коло медаль алганбыз. Быйыл эң көп медаль алган жыл болуп, эки күмүш, тогуз коло медаль алышты. Дүйнө жүзүндөгү экинчи орунда турган олимпиада десек болот. Жалпысынан 20 өлкөдөн жыл сайын 200-300 окуучу катышат.

— Эмне үчүн «Сапат» билим берүү мекемелеринин окуучулары жыл сайын алдыңкы орундарга ээ болушат?

Жумалиев: — Бизде так илимдеги сабактарды англис тилинде өтөбүз. Балдарды тандаган багыты боюнча бөлүп даярдайбыз. Андан тышкары көбүнчө жаш жана эл аралык университеттерди бүтүп келген мугалимдер иштейт.

Жаутыков олимпиадасында көбүнчө так илимдерден тандашат. Орусиядан аябай күчтүү окуучулар келишти. Жыл сайын алдыңкы орундарды ошолор эле алып кетет. Орусиянын алдыңкы окуучуларды жөнөтүп жатканы, демек, олимпиаданын деңгээлинин чындап эле жогору экенинен кабар берет. Биз балдарды даярдоодо жума сайын лагерлерди уюштуруп турабыз. Көбүнчө теориялык эмес, практикалык жактан тесттерди иштетебиз.

— Олимпиадалардан алдыңкы орундарды алуу окуучулардын кийинки келечеги үчүн жардамын береби?

Жумалиев: — Балдардын эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алышы жогорку окуу жайга өтүүдө маанилүү десек болот. Себеби эл аралык университеттер абитуриенттен эл аралык олимпиадаларга катышканын тастыктаган документтерди талап кылат. Ал жерде толугу менен акысыз окубаса да, канча бир пайыз жеңилдик болот.

— Мугалимдердин олимпиадасы кандай деңгээлде өтөт?

Ураимов: — Быйыл эл аралык олимпиада да Кыргызстан эң көп медаль алган жыл болду. Жалпысынан 17 медаль алган болсо, анын ичинен «Сапат» билим берүү мекемелеринин окуучулары 11 медаль алды.

Андан тышкары окуучуларды даярдаган мугалимдер арасында да олимпиада өттү. Биздин мектептерден төрт мугалим байгелүү орунга ээ болушту. Алардан бирөө алтын, үчөө коло медаль алды. Окуучулардын олимпиадасы кандай деңгээлде өтсө, мугалимдердики да ошондой өтөт.

— Окуучуларды олимпиадага даярдоодо «Сапат» мекемелери кандай программаларды колдонот?

Жумалиев:  — Жогоруда айткандай эле олимпиадаларга 1995-жылдан бери катышып келебиз. Андан бери көп жыл өттү. Ошол аралыкта катышуу эрежелерин аныктап келдик. Учурда жалпы «Сапат» мекемелеринде бир жуманын эки күнүн олимпиадага даярдоого бөлөбүз. Мекеменин башкы мүдүрү: «Шейшемби күнү сабактардан кийин бир саат, ишемби күнү төрт саат олимпиадага даярдалсын», — деген чечим чыгарган. Бул бөлүнгөн саат да жетпейт. Окуучулар өздөрү да сабактан тышкаркы учурларда даярданса, байгелүү орундарга жетишет. Биз көбүнчө 8-класстарга басым жасайбыз. Себеби ал учурда окуучуларга мотивация берип, шыгын ойгото албасак, чоң класстарда оңой эле таштап коёт.

Дагы бир жагдай, ар бир мекемеде чейректин акырында бир убакытта өтүлгөн бардык программа боюнча сынак өткөрүлөт. Анда окуучу бир чейректе окуган сабактарын канчалык деңгээлде өздөштүргөнү аныкталат. Бир жылдык жыйынтыкты чыгарып, жайкы лагер уюштуруп, эң мыкты делген 10-15 окуучуга он күндүк интенсивдүү лагер өткөрөбүз.

— Байгелүү кайткан окуучуларды мамлекеттик деңгээлде тосуп алуулар болду беле?

Жумалиев: — Окуучуларды өзүбүз тосуп алдык. Бир нече мугалим жана ата-энелер болуп, балдарды жакшы күтүп алганга аракет кылдык.

Мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү да аларга болгон мотивация десек болот. Биз ушул жагын изилдөө үчүн мугалимдер менен сүйлөшүп, жакында Ташкент шаарына барып келдик. Чын эле мамлекет каржылык, мотивациялык жактан болсун, жакшы көңүл буруптур. Олимпиададан алдыңкы орун алып келген окуучуларга ысык кезинде эле акчалай сыйлыкты бергенде, ал окуучуда «мындан да жогорку орунга жетейин» деген шыктануу пайда болот экен.

Ураимов: — Билим тармагына бир аз көңүл бурула баштады. Бирок тарыхта биринчи жолу предметтик олимпиада боюнча 17 медаль алып келип отурушат. Бул мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула турган жагдай болчу. Тажикстан 10 медаль алып барган окуучуларын мамлекеттик деңгээлде шаан-шөкөт менен тосуп алыптыр. Биз муну ошол өлкөдөн барган кесиптештер аркылуу көрдүк. Өзбекстанда да ошондой эле күтүп алыптыр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM