Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кире 30-январдан тарта жогорулайт

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 144 | 0

Бишкек шаарындагы коомдук унааларга жол кире 30-январдан тарта жогорулайт. Тиешелүү токтом бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.

Белгиленген тартипке ылайык, мыйзамдын негизинде кабыл алынган токтом жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, Бишкекте жол кирени жогорулатууну демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган. Бул мыйзам 15-январда күчүнө кирери кабарланган.

Бишкек шаардык мэриясы майрамдан кийинки эс алууларга байланыштуу тиешелүү токтом даярдалбай калганын, андыктан жол кире мурдагыдай эле тариф менен төлөнөрүн кабарлаган.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 30-январдан тарта автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:

  • Накталай төлөм — 20 сом;
  • «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
  • Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.

Copyright © 2017 Maral FM