Биз менен байланышыңыз

Тиш доктурда чарчап калган наристе: Шектүү эки айга абакта калды

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 2253 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту Бишкекте стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө шектүү Т.А. аттуу жаранды эки айга абакта калтырды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Наристенин жакындары окуяга тиешеси бар бардык дарыгерлерин камалуусун талап кылышууда.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 18- декабрда Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Комиссия корутунду чыгарып, тергөө органдарына өткөрүп бергенин министрдин кеңешчиси Ренат  Мавланбай уулу «Маралга» билдирди. Корутундунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM