Биз менен байланышыңыз

Президент 2024-жылдын республикалык бюджетин бекитти

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 371 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, 2023-жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алып берген.

Мыйзамга ылайык, 2024-жылы бюджетке түшө турган киреше 378 млрд 405 млн 583,1 миң сом, ал эми чыгаша 367 млрд 493 млн 223,5 миң сомду түзөт. Бюджеттин профицити 10 млрд 912 млн 359,6 сом болору такталган.

Профицит каржылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашырууга, тышкы карыздарды жабууга жумшалары айтылат маалыматта.

Аны менен катар 2025–2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү да жактырылган.

Copyright © 2017 Maral FM