Биз менен байланышыңыз

«Салык чек» лотореясынын ордуна башка акция ишке кирет

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 2291 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы аягына чыкканын, бул жылы ойнотулбай турганын кабарлады.  

«Салык чек» лотореясынын ордуна чоң өнөктүк ишке кирери, анын шарттары, байгелери жакынкы күндөрдө жарыяланары айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн ар бирин жаранын соода жайлардан кассалык чек талап кылууга, аны чогултууга чакырып, «Салык чек» тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон каларын билдирет.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Мамлекеттик салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2376 баалуу байге ойнотулган. Акыркы оюнга 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо байге коюлган. 

Copyright © 2017 Maral FM