Биз менен байланышыңыз

Ташиев зомбулукка кабылган кыз-келиндерди УКМК коргой турганын айтты

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 461 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча билдирүү жасады.

Ал ушул жылдын башында Кадамжай районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин тагдыры аянычтуу аяктаганын билдирип, Фейсбук баракчасы аркылуу кыз-келиндерге кайрылды.

«Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук болуп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Энелер бар үчүн, үй-бүлө, мекен бар», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Ал бул кайрылуусун Баткенге иш сапары менен учуп баратып жазганын кошумчалап өткөн.

Белгилей кетсек, Кадамжай районунда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты. Ал 1-топтогу майыптыгы бар экени айтылды. Артында 2 кызы калды.

Copyright © 2017 Maral FM