Биз менен байланышыңыз

«Ташов менен Күрөңовдун тарапташтары» делген адамдар кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 327 | 0

«Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине жигердүү катышкан» деген шек менен тарапташтары катары саналган адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айта кетсек, УКМК Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу) менен иш козгогон.

Учурда эки шектүүгө издөө жарыяланып, козголгон иштин алкагында жакындары, тарапташтары делген бир катар адамдар суракка алынган. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде Имамидин Ташовдун даярдалып жаткан жана уюштурулган иш-чараларды каржылоосу тууралуу маалыматтар алынган.

Булардын ичинен өзгөчө шектүү делген эки адам камакка алынган. Алардын бири М.А.М. Ош жана Жалал-Абад облустарына координатор болуп, ар кандай негиздер боюнча нааразычылык акцияларын өткөрүү үчүн эл чогултуу, акча таратуу, Бишкекке адамдарды ташып келүү милдеттерин аркаламак.

Дагы бир шектүү К.А.К. Талас облусунан алып келинген. Анын милдети АКШдагы ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болмок. Андан Имамидин Ташовдун наамына ири өлчөмдөгү акча которулганы боюнча фактылар бар экени кабарланды.

Аны менен катар Имамидин Ташовдун жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акчалар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылган.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM