Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Катаал аба ырайынан 5 шаар жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 645 | 0

Казакстандагы катаал аба ырайына байланыштуу айрым шаарлардын окуучулары онлайн режимге өттү. Бул тууралуу «Власть» сайты жазды.

Бороон-чапкындан Таразда дарактар, айрым үйлөрдүн балкондору омурулуп түшүп, анын кесепетинен бир канча унаа талкаланган.

Шахтин, Усть-Каменгорск, Караганда, Семей шаарларында электр зымдары үзүлүп , калаа тургундары жарыксыз калган. Бороон-чапкынга байланыштуу бул шаарларга кирүүгө жана чыгууга убактылуу тыюу салынып, каттамдар жабылды.

Повлодарда шамалдан жаңы жылдык балаты кулап түшкөн.

Казакстандын Гидромет борбору Павлодар, Костанай, Жамбыл, Абай облустарында абанын температурасы -30 градуска төмөндөгөнүн, бороон секундуна 30 метр ылдамдыкта согуп жатканын маалымдады.

Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM