Казакстандагы катаал аба ырайына байланыштуу айрым шаарлардын окуучулары онлайн режимге өттү. Бул тууралуу «Власть» сайты жазды.
Бороон-чапкындан Таразда дарактар, айрым үйлөрдүн балкондору омурулуп түшүп, анын кесепетинен бир канча унаа талкаланган.
Шахтин, Усть-Каменгорск, Караганда, Семей шаарларында электр зымдары үзүлүп , калаа тургундары жарыксыз калган. Бороон-чапкынга байланыштуу бул шаарларга кирүүгө жана чыгууга убактылуу тыюу салынып, каттамдар жабылды.
Повлодарда шамалдан жаңы жылдык балаты кулап түшкөн.
Казакстандын Гидромет борбору Павлодар, Костанай, Жамбыл, Абай облустарында абанын температурасы -30 градуска төмөндөгөнүн, бороон секундуна 30 метр ылдамдыкта согуп жатканын маалымдады.
Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы