Connect with us

Евробиримдик Кыргызстанга 3 млн евро грант берди

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 286 | 0

Европа Биримдиги Кыргызстанга 3 млн евро (295 млн сом) грант берди. Бул тууралуу Биримдиктин Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Грант Министрлер кабинетинин санариптик трансформацияга байланышкан долбоорун колдоо максатында бөлүнгөн. Каражат төмөнкү максаттарга жумшалат:

  • Жогорку технологиялар паркындагы санариптик укуктардын заманбап борборуна көмөк көрсөтүү;
  • «Санарип-Аймак (Digital Aimak)» системасын өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу;
  • өлкөдөгү киберкоопсуздукту жогорулатуу;
  • жеке маалыматтарды коргоону күчтөндүрүү;

Аны менен катар гранттык акча санариптик чөйрөдөгү программалык камсыздоону иштеп чыгууга, тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө, өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүгө багытталат.

Электрондук башкарууну ишке ашыруу үчүн Евробиримдик мамлекеттик органдарда окутууларды жүргүзөрү да айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM