Connect with us

Таласта мамкызматкерлер учураткан 7 млн сом зыян толукталды

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 200 | 0

Мамлекетке келтирилген 7 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК кызматкерлеринин Талас облусунун аймагына жүргүзгөн текшерүү учурунда «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас облустук филиалында мамлекетке ири суммада зыян келтирүү болгонун аныкташкан.

Зыяндын так көлөмүн эсептөө максатында Финансы министрлигинин ички аудит кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбор аудит жүргүзүшкөн. Анын негизинде мамлекеттик бюджет 7 млн сом чыгымга учураганы белгилүү болгон.

Кызматкерлердин мыйзамсыз иштеринен мамлекет тарткан зыяндын орду толукталган. УКМК учурда Талас облусундагы текшерүүлөрүн андан ары улантып жатышканын маалымдашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM