Биз менен байланышыңыз

Депутат Жамгырчиев тергөөчүлөрдөн качып кеткени айтылды

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 298 | 0

Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия “Альянс” фракциясынан депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени айтылды.

“Азаттык» медиасы  УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип кеткен видеосун жарыялады. Андан ары депутат Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин ишенимдүү булактарына таянып жазды.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM