Кыргызстандагы грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камакка алынды. Аны Биринчи Май райондук соту тастыктаганын бир катар маалымат булактары жазды.
Маалым болгондой, кайра камоо чечими УКМКнын тергөөчүсү берген арыздын негизинде өткөн жылдын 30-декабрында чыккан.
Ахрор Иминовду УКМК «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган» деген шек менен 11-октябрда камакка алган.
23-ноябрда «тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо» тил катынын негизинде Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган.