Кыргызстандагы грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, вице-президент Ахрор Иминовго «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган» деген айып коюлган.
УКМК тараткан билдирүүдө: «И.А.Х.тын жүк ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердигинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына «салык (дань)» чогултууга (болжолдо жалпы пайданын 30%ын) катышканы аныкталды», — деп айтылат.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.