Connect with us

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти камакка алынды

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 289 | 0

Кыргызстандагы грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, вице-президент Ахрор Иминовго «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган» деген айып коюлган.

УКМК тараткан билдирүүдө: «И.А.Х.тын жүк ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердигинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына «салык (дань)» чогултууга (болжолдо жалпы пайданын 30%ын) катышканы аныкталды», — деп айтылат.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM