Биз менен байланышыңыз

2010-жылдын апрель-июнь окуяларында жабыркагандарга жөлөк пул көбөйтүлөт

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 138 | 0

2010-жылдын апрель-июнь окуяларында жабыркагандарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы 2023-жылдын 26-декабрында кол койгон токтомго ылайык, айтылган жарандардын кошумча социалдык жөлөк пулу 3700 сомдон 4500 сомго көтөрүлгөн.

Учурда мындай жөлөк пулду 411 адам алат. Алардын 194ү — 18 жашка чейинки балдар, 215и — майып, экөө — ата-эне.

Айта кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкө калкы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгып, бийлик өкүлдөрү элге ок аткан. Кандуу кагылышта 100гө чукул адам курман болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алган.

Ушул эле жылдын 10-июнунда Ош жана Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек жаңжалы чыккан. Кырдаал 15-июнда турукташкан. Андан расмий маалыматтар боюнча 900гө чукул, бейрасмий маалыматтар боюнча 2 миң чамалуу адам каза таап, 3 миңден ашык адам ар кандай жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM