Биз менен байланышыңыз

Ош мэриясы Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузуп жатат

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 337 | 0

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн тосмосун буздуртуп жатат.

Бул үй Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго таандык.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Максат Орозалиев үйдүн тосмосунун тогуз метри муниципалдык жерге тиешелүү экенин маалымдады. Анын айтымында, үйдүн дубалын алып салууну былтыр декабрь айында эскертишкен.

Айта кетсек, Оштогу журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн Ютуб-каналына Райымбек Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM