Биз менен байланышыңыз

Баткенде уранды басып калган шахтёрлор куткарылды (видео)

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 207 | 0

Сүлүктү шаарындагы «Южный-3» шахтасында уранды басып калган эки жумушчу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ, 7-январда болгон. Жумушчуларды уранды басып калганын ӨКМдин аймактык бөлүмүнө шахтанын дагы бир жумушчусу саат 19:49да кабарлаган.

Жерине аймактык бөлүмдөн 18 куткаруучу барып, жарым саат дегенде 1992-жылы туулган И.Х.ны, дагы жарым сааттан кийин 1976-жылы туулган И.М.ны куткарып алышкан. Жабыркагандар учурда шаардык ооруканада экени кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, 2022-жылы ушул эле шахтада газга ууланып калган төрт кен казуучу куткарылган. Ал эми акыркы эки жыл аралыгында Сүлүктү шаарындагы кендерде 94 жолу куткаруу иши жүргүзүлүп, алардын ичинен 6 адам тирүү чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM